КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

761

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы “2024-жылга майрам күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна ылайык 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 7-январына чейинки мезгил эс алуу күндөрү катары белгиленген. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги бул күндөрү жарандарды кабыл албайт.

Ошону менен бирге, Элчиликтин консулдук бөлүмүндө мекендештер консулдук-укуктук жардамды токтоосуз алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгондо, алардын кайрылууларына тез арада жооп берүү үчүн ыкчам телефондор иштейт: +7 925 285 50 47; +7 (925) 115 50 47.

Эс алуу күндөрүн эске алуу менен Элчиликтин консулдук бөлүмүнө барууну башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK