Сочи жана Краснодар шаарларында өтүүчү көчмө консулдук кызмат тууралуу пресс-релиз
Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү жана юридикалык консультациялык жардам көрсөтүү максатында 2024-жылдын 12-январынан 14-январына чейин Сочи жана Краснодар шаарларында жарандарга көчмө консулдук кызматтар (Кыргыз Республикасынын паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн тариздөө жана башка консулдук кызматтар) көрсөтүлөт.
Жарандарды кабыл алуу төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
1. 2024-жылдын 12-13-январында Краснодар шаарында, Красных Партизан көчөсү, 32-үй, 4-кабат. Краснодар шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун жардамчысы Ткачев Николай: +7 (988) 245 43 02;
2. 2024-жылдын 14-январында Сочи шаарында, Киров көчөсү, 46. Сочи шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери Аргымбаева Айкан: +7 (988) 286 51 20.
Элчилик, Краснодар крайында жана Сочи шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын туугандарына жана жакындарына пландалган көчмө консулдук кызмат жөнүндө кабарлоону суранат.