Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык «ПродЭкспо-2024» аянтында Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсү ачылды

199

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясынын Борбордук Федералдык округундагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кыргыз-орус ишкерлер кеңеши 2024-жылдын 5-февралынан 9-февралына чейин Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык «ПродЭкспо-2024» аянтында Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсүн ачты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсүндө экспортко багытталган беш кыргызстандык компания, ал эми өнөр жай павильондорунда үч компания өзүнчө стенддерин ачты.

Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунан келген жаңгак жана жаңгак азыктарынын презентациясы менен Кыргыз Республикасынын Жаңгак өстүрүүчүлөр ассоциациясынын дараметинин расмий бет ачары болуп өттү. Ошондой эле кыргыз тарап менен Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын, РКДС жана МСП корпорациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын жаңгактарды жана башка экспортко багытталган продукциясын Россиянын рынокторуна мындан ары жылдыруу жана 2024-жылга биргелешкен кызматташуу үчүн пландары боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Презентацияга Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык иштер боюнча Вице-президенти В.И.Падалко башында турган өкүлдөрү, Кыргыз-орус жана орус-кыргыз ишкерлер кеңештеринин теңтөрагалары Н.Атаканов жана В.Б.Компанейщиков, Россия Федерациясынын Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү боюнча федералдык корпорациясынын Башкармалыгынын мүчөсү Н.Б.Банцекина  катышты.

Маалымат үчүн: «ПродЭкспо» тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттын эл аралык көргөзмөсү Чыгыш Европадагы эң ири көргөзмө болуп саналат. Анын жүрүшүндө тамак-аштын кеңири ассортименти көрсөтүлөт: күнүмдүк негизги азыктардан жана суусундуктардан гурман деликатестерине чейин, ошондой эле органикалык, спорттук, функционалдык тамактануу, сергек жашоо үчүн азыктар, адал, экзотикалык азыктар ж.б..

Быйыл «Продэкспо» аянтында көрсөтүлгөн өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн географиясы кыйла кеңейди. Ага 40 өлкөдөн 2145 компания катышууда. Алардын арасында Азербайжан, Аргентина, Армения, Индонезия, Иран, Испания, Италия, Кытай, Корея Республикасы, Түштүк Осетия, Сербия, Таиланд, Тунис, Түркмөнстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары бар. Россиянын 48 аймагынан келген компаниялар да өз продукцияларын тартуулашууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK