«Москва мамлекеттик курулуш университети» улуттук изилдөө университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятына арналган иш-чара өткөрүлдү

246

2024-жылдын 1-мартында «Москва мамлекеттик курулуш университети» улуттук изилдөө университетинде (УИУ ММКУ) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен аталган Унивеситетте окуган кыргызстандык студенттер тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын маданиятына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларына бай программа, анын ичинде майрамдык концерт, кыргыз элинин маданий жана руханий баалуулуктарын жана жашоо образын чагылдырган экспонаттардын көргөзмөсү, толук ички жасалгасы менен кыргыз боз үйү, ошондой эле кыргыз ашканасынын улуттук тамак-аштары жана суусундуктары тартууланды.

Элчиликтин Кеңешчи-кичи Элчиси иш-чаранын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүү аспектилерине токтолуп, билим берүү тармагындагы жигердүү өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде «Москва мамлекеттик курулуш университети» улуттук изилдөө университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташууга басым жасап өттү. Ошондой эле кыргыз студенттерине жана университеттин жетекчилигине кыргыз элинин маданий мурастарын жайылтууга жана өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

ММКУнун Улуттук изилдөө университетинин ректору Павел Акимов өзүнүн куттуктоо сөзүндө Университеттин Кыргыз Республикасы менен көп жылдык жемиштүү кызматташтыгы тууралуу айтып, студенттерибиздин окуудагы ийгиликтерин, активдүүлүгүн жана демилгелерин жогору баалап, Кыргызстандан келген студенттерди мындан ары да кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Жалпысынан иш-чарага 600дөн ашык адам, атап айтканда, Москва мамлекеттик курулуш университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери, кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү, Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер, ошондой эле россиялык Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK