КРнын РФдагы Элчилиги  Москва шаарындагы Эл аралык Аялдар клубу тарабынан уюштурулган “Кышкы базар” аталган кайрымдуулук мааракелик базарга  катышты

3164

2019-жылдын 30-ноябрында КРнын РФдагы Элчилиги  Москва шаарындагы Эл аралык Аялдар клубу тарабынан уюштурулган “Кышкы базар” аталган кайрымдуулук мааракелик базарга  катышты.

2019-жылкы Кышкы базарга  Армения, Аргентина, Болгария, Бельгия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Замбия, Зимбабве, Индия, Ирландия, Казакстан, Камерун, КЭР, Колумбия, Люксембург, Мадагаскар, Малайзия, Молдавия, Непал, Пакистан, Парагвай, Перу, Румыния, Сирия, Словакия, Словения, Танзания, Чехия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдү өкүлдөрү катышты.

Салтка айланып калгандай, Кышкы базарда москвичтерге ар улуттун кол өнөрчүлүк буюмдары, рождество белектери, ал эми фуд-кортто улуттук тамак-аш даамдары тартууланды.  Элчиликтер тарабынан коюлган ар бир аянтчаларда элдик кол өнөрчүлүктүн фарфордон, чоподон, булгаарыдан жасалган буюмдары, жибек жоолук, баш кийимдер, косметика сатылды. 

Базардын коноктору кыргыз даамдарынан, рождестволук таттуулардан жана экзотикалык африкалык тамак-аштардан даам сызышты. Гости базара отведали блюда кыргызской кухни, рождественские сладости, а также экзотические блюда африканских поваров.

“Кышкы базардын” маданий программасы көп улуттук артисттерден, мектеп окуучуларынан түзүлүп, өз өлкөлөрүнүн маданиятын тартуулашты. Кыргызстандын атынан – Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү – театр жана кино актрисасы Жаңыл Асанбекова “Кызыл гүл” жана “Ысык-Көл” ырлары менен, “Жаш Тилек” балдар бийчилер тобу “Кара Жорго” бийи менен чыгышып, конокторго Кыргызстанды таанытышты.

Маалымат катары: Москва шаарында Эл аралык Аялдар клубу уюштурулган 1978 –жылы негизделген. Азыркы мезгилде 2018-2020-жылдары Клубду Президенти катары Армения Республикасынын Россиядагы Элчисинин жубайы Мэри Тоганян башкарып келет.

Клубдун негизги жана ажырагыс бөлүгү Кайрымдуулук тобу саналат. Топто ыктыярчылар чогулган жана Клуб кайрымдуулук жасаган кайрымдуулук уюмдарды көзөмөлгө алуу менен жардам берүү максатында иш алып барышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK