КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматтык кабары 2020-жылдын 21-марты

3782

 

Коронавирустук инфекциянын мындан жайылып кетпөөсүн алдын алуу боюнча иш-аракаттерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргызстандын  аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө чектөө коюу боюнча чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу, Россиянын аймагынан авиа байланыш аркылуу учуп кетүү маселелери боюнча жарандардын кайрылуулары абдан көп келип түшүүдө.

2020-жылдын 20-мартында КРнын Өкмөтүнүн жана КРнын РФдагы Элчилигин биригелекшен аракеттери менен кошумча 5 авиа каттам уюштурулду. Ал каттамдар менен транзиттик аймакта калып калган жарандар жана мурун жокко чыгарылган каттамдарга билет алган жургүнчүлөр учуп кетишти: «Шереметьево»  Аэропортунан – Бишкек жана Ошко 2 каттам;  «Домодедово» Аэропортунан – Бишке шаарына 2 каттам; «Жуковский» Аэропортунан – Ош шаарына 1 каттам.

Ошондой эле 2020-жылдын 20-мартынан баштап КРнын аймагына бардык эл аралык авиа каттамдарга чектөө киргизилгендигине жарандардын көңүлүн бурабыз.

Мында аба транспорту менен эл аралык жүктөрдү ташууга жана коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын чечими менен чартердик каттамдар, ошондой эле  төмөндөгү жүргүнчү ташуучу авиа каттамдарга гана уруксат берилет:

- Москва–Бишкек–Москва («Аэрофлот» ПАК ) – жумасына 1 жолу;

- Ош–Москва–Ош ( «АвиаТраффик Компани» ЖЧК ) – жумасына 1 жолу;

- Новосибирск–Бишкек–Новосибирск («Авиакомпания «Сибирь» ААК) – жумасына 1 жолу.

Авиакаттамдардын уча турган так күнүн кошумча маалымдалат.

Ошону менен бирге алдамчылардын курмандыгы болуп калбоосу үчүн Элчилик мекендештерибизди авикомпаниялардан же мобилдик тиркеме аркылуу гана сатып алуу керектигин сунуштайт.

Ошону менен бирге Элчилик дагы бир жолу Кыргызстанда, жана Россияда да вирустук инфекция менен байланышкан кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну, дүрбөлөңгө алдырбай, коронавирустук инфекциядан сактануу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген бардык эреже жана тартиптерди сактоого чакырат.  

Өз кезегинде КРнын РФдагы Элчилигинде Штаб түзүлгөн, Элчилик  күчөтүлгөн режимде иш алып барууда, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер дежурлукту актарышууда, күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө. Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04, или на e-mail: kgembassy.ru@mfa.gov.kg, ошондой Элчиинин блогуна: www.elchi.ru байланышсаңыздар болот

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK