КРнын РФдагы  Элчилигинин Пресс-релизи 2020-жылдын 22-апрели

4370

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Штаб бугүн 2020-жылдын 22-апрелинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00дө Новосибирск шаарынын «Толмачево» аэропортунан Новоисбирск-Бишкек авиакаттамы менен «S7 Airlines» (Сибирь авиажолдору) авиакомпаниясынын 176 орундуктагы самолетунда Новоисибирск-Бишке каттамына мурун билет алган Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кетээрин маалымдайт.

Каттамга биринчи кезекте балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган жаштагы жарандар, оорукчандар отургузулууда.

Тилекке каршы, Кыргызстанга кетүүнү каалагандын бааары жана колунда Сибирь авиа жолдорунун билеттери барлардын баары отура албай калгандыгын белгилейбиз. Жалпысынан бул каттамды 300дөн ашуун Кыргызстандык жаран күтүп жатышкан.  

Элчилик көп орундуу, эң болбосо 300 орундуу самолет бөлүп берүү тууралуу бир нече жолу кайрылгандыгын жана «S7 Airlines» (Сибирь авиажолдору) авиакомпаниясы азыркы кезде  андай чоң көлөмдөгү авилайнер жоктугун билдиришкендигин да маалымдайбыз.

Ушундан улам жана татаал эпидемиологиялык кырдалдын уланып жатышына, ошондой эле Россияда дагы жана Кыргызстанда да техникалык мүмкүнчлүктөр жол бербей жаткандыгына байланыштуу, учпай калган башка жарандарды эмоцияга, чагымчыл маалыматтарга  алдырбай, сабырдуу болууга чакырат.

Пландалган авиакаттам менен учпай калган Кыргыз Республикасынын жарандарына КРнын Башкы Консулдугу жана аймактагы кыргыз диаспоралык уюмдары тарабынан тйииштүү жардамдар көрсөтүлөт.

Ошону менен бирге Элчилик Россиянын Өкмөтү жана россиялык авиакомпаниялар менен Москва жана Новосибирск шаарында авиакаттамдарды күтүп жаткан КРнын жарандарын мекенине кайиаруу боюнча кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантып жаткандыгын маалымдайбыз.

Ошондой эле бүгүнкү күнү Кыргызстандын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине алып келүү боюнча мүмкүн болгон бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын белгилейбиз.

Ал эми Кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик(вотсап);

Элчилик КРнын жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Россияда киргизилген тартип, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат. 

КРнын РФдагы  Элчилигинин Пресс-релизи

2020-жылдын 22-апрели

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK