РФнын аймагында COVID -19 илдетине  байланыштуу оор эпидемилогиялык кырдаалдан улам Россиядагы Кыргызстандын жарандарына КРнын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн финансылык жардам туралуу маалымат 2020-жылдын 25-апрели

5167

РФнын аймагында COVID -19 илдетине  байланыштуу оор эпидемилогиялык кырдаалдан улам Россиядагы Кыргызстандын жарандарына КРнын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн финансылык жардам туралуу маалымат

2020-жылдын 25-апрели

 

         КРнын Өкмөтүнүн чечимине ылайык 10 млн. сом көлөмүндө финансылык жардамдын бөлүнүнүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Штабга КРнын жарандарынан түшүп жаткан көптөгөн суроо, кайрылууларына байланыштуу төмөндөгүлөрдү маалымдайбыз.

2020-жылдын 25-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Штабга  4 млн. сом которулду.

КРнын Өкмөтүнүн чечимине ылайык жардам көрсөтүү накталай акча таркатуу каралган эместигин белгилеп кетебиз.

Келип түшкөн финансылык жардамды бөлүштүрүү иши Элчиликтин алдындагы Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидер жана активисттеринин катышуусундагы атайын комиссия тарабынан жарандардын кайрылууларынын белгилүү бир категорияларына жараша каралат.

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы Штаб бөлүнгөн акча каражат- 4 млн.сом өтө муктаж жарандарга, тактап айтканда,  COVID -19 илдетин жуктуруп алгандарга,  оорукчандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган жарандарга  убактылуу жатакана (хостел), тамак-аш түрүндө жардам берүүгө багытталаарын белгилеп кетет.

Биздин мекендештерибиздин алдында жоопкерчиликтүү сезүү менен КРнын Элчилигинин алдындагы Штаб бөлүнгөн каражаттын ар бир чыгымдалган сому коомдук көзөмөлдө болот деп билдирет. 

         Азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча расмий маалымат алуу үчүн күнү-түнү иштеген Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);

+7 925 103 29 11 – мобилдик( вотсап).

         Элчилик КРнын жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Россияда киргизилген тартип, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK