Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидер, активисттеринин мекендештерге кайрылуусу

10897

Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидер, активисттеринин мекендештерге кайрылуусу

 

Урматтуу мекендештер!!

 

         Элчиликте Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидерлери, активисттер Элчиликтин алдындагы Штабдын мүчөлөрү менен жолугушуп, КРнын Өкмөтүнүн чечими менен Россия аймагында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештерди колдоо максатында 10 млн. сом көлөмүндө бөлүнгөн финансылык жардамды элге таркатуу тартибин, коронавируска байланыштуу мекендештерибиздин азыркы абалын, жашоо шарттарын талкууладык.

         Элчи А.Джекшенкулов буга чейин Элчиликтин алдындагы Штабдын кыргыз диаспорасы менен биргеликте жасаган иштери, көрсөткөн жардамдары тууралуу кеңири маалымат берди.

         КРнын Өкмөтү тарабынан берилген каражат бүгүнкү күнү коротула электигин, буга чейин диаспоралык коомдордун, Элчиликтин кызматкерлеринин каражаттарынын жана кайдыгер карабаган мекендеш, спонсорлордун каражаттарынан азык-түлүк алынып, өтө муктаж жарандарга, студенттерге жардам көрсөтүлүп, убактылуу жатакана, хостелдерге каражат төлөнүп жатканы айтылды. 

Жалпысынан буга чейин 1 млн. 300 миң  рубль сарпталган. Бул топтолгон каражатка алынган азык-түлүк, хостелге 1-майга чейин элге жетээрин белгиледи.

         Учурдан пайдаланып, ушундай кыйын кырдаалда жардамын аябай көрсөтүп жаткан Кыргызстандык дарыгерлердин волонтердук тобуна, Штабдын Call-борборуна жана гуманитардык жардам берүүгө көмөктөшүп жаткан диаспоранын өкүлдөрү- волонтерлорго терең ыраазычылык билдирип кетебиз.

         Россияда эпидемиологиялык кырдаалдын оор болуп жаткандыгына  байланыштуу мекендештерди колдоо багытында Элчилик бардык болгон аракеттерин жумшоо менен мүмкүнчүлүгүнө жараша  дыкат иш алып барууда.

         Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 10 млн. сомдун сапрталышын коомчулуктун көзөмөлүндө болуусу үчүн  Штаб жана диаспора активдери менен бирге атайын комисия түзүлдү.

Урматтуу мекендештер, бөтөн эл, бөтөн жерде айрымдарыбыз ишсиз калып, айрымдарыбыз жашаган жерибиздин ижарасын төлөй албай, коронавирус илдетине чалдыккан мекендештерибиз медициналык жардамга муктаж болуп, жаш балдар тамак-аштан кыйналып турган оор убак болууда.

         Бул апаат дүйнөнүн эң күчтүү, бай мамлекеттерин алсыз кылып, баарыбызды  турмуштук сыноолордон өткөрүп жатат жана жалпы коомдун, улуттун канчалык бекемдиги да сыналып жаткан мезгил болууда.

         Тилекке каршы, ушундай оор мезгилде биздин айрым мекендештерибиз кыйынчылыкты көтөрө албай, жеңил болуп, эмоцияга, ар кандай провокацияга алдырып, массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда куру талаптарды коюп, тартипсиздин көрсөтүүдө. 

         Муну менен биз жалпы кыргыз элибиздин абройуна, сапаттарына шек келтирип жатабыз.  Москва шаары, өзүңүздөр билгендей, улуу державанын борбору, маалымат майданынын очогу, бул жерде болгон бардык нерсе дүйнөгө тарайт, демек биз жаман жактарыбызды дүйнө элдерине көргөзүп жаткандай болуудабыз.

         Урматтуу туугандар, мындай терс жоруктарыбызды, чыдамсыздыкты, тартипсиздикти кескин түрдө токтотолу. Дүйнө жүзүнө уят болбойлу.

         Жамандыгын жашырып, жакшылыгын чыгарган кыргыз элинин даанышман эл экенин, Манас атанын балдары ата-бабаларыбыздын айткан акылман сөздөрүн, берген тарбиясын мыйзам катары кабыл алган улуу эл экендигин тастыктап, сабырдуулукту көрсөтөлү.

         Москва шаарындагы кыргыз коомчулугу Элчиликтин алдындагы Штаб менен биргеликте мүмкүн болгон бардык аракеттери менен жардам көрсөтүүнү уланта берет.

         Ошону менен бирге урматтуу депутаттар, саясатчы, чиновниктер, мындай кыйын кырдаалда популизмге алдырбай, жөн эле баа бербестен, жопкерчилик менен мамиле кылып, чет жердеги кыргызстандыктарга туура, такталган маалымат берсеңиздер деп чакырабыз. Анткени Россиядагы мекендештер Сиздердин сөзүңүздөрдү, маалыматыңыздарды кунт коюп угуп, үмүттөнүп отурат. Сиздердин сөздөрүңүздөр элдин манайына, аң-сезимине, керек болсо, ден соолугуна  таасир бериши мүмкүн.  Ошондуктан Сиздер, Элчилик жана биз менен биргелешип, элибиздин келечегин, тагдырын ойлоп иштиктүү бир аракет кылып, конкреттүү иш алып баралы. Кыргызстандын келечеги үчүн бүгүн сөздөн ишке өтүү заманы келди.

 

Урматтоо менен, баарыңарды  сабырдуулукка чакыруу менен,

 

Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидер, активисттери:

 

  1. Ороз Мамралиев, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери
  2. Шакиров Абдыганы,  «КЫРГЫЗ БИРИМДИГИ» аймактык уюмунун төрагасы
  3. Бегиева Жамиля, “Мекеним Ала-Тоо” аймактык коомдук уюмунун төрайымы
  4. Орозбаев Турдали Орозбаевич, коомдук ишмер
  5. Абдуллаев Медербек, “Аксакалдар кеңешинин” төрагасы
  6. Аттокуров Раимкул, “Орус-кыргыз стратегиялык жана коомдук демилгелерди колдоо борбору”  уюмунун төрагасы
  7. Асилбек Эгембердиев, http://kginfo.ru – талдоо-маалыматтык порталынын жетекчиси
  8. Кубанычбек Кожоев, “Всероссийский кыргызский конгресс” аймактык уюмунун жетекчиси
  9. Мырзабеков Эгемберди, “Авиатраффик” компаниясынын өкүлү
  10. Сардарбеков Обозкан, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  11. Турсунбай Кубатбеков, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  12. Эртабылды Шамилов, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  13.  Маматжан Акжолов, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  14. Жолдошали Шамуратов, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  15. Гапыров Максат, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  16. Багыт Бапанов, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  17. Тешебаев Асатилла, “Аксакалдар кеңешинин” мүчөсү
  18. Назаркулова Замира, “Ала-Тоо айымдары” коомдук уюмунун жетекчиси
  19. Токтокан Эсенова, “Камкордук-Забота” коомдук уюмунун жетекчиси
  20. Кубанычбек Осмонбеков, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын өкүлү
  21.  Надыр Сооронбаев, «МУРАС-НАСЛЕДИЕ» аймактык уюмунун жетекчиси
  22. Момунжан Алиев, Кыргызстандык Дарыгерлер ассоциациясынын өкүлү
  23. Эдиль Мукашев, Кыргызстандык Дарыгерлер ассоциациясынын өкүлү
  24. Кубаныч Алибеков, Кыргызстандык Дарыгерлер ассоциациясынын өкүлү
  25. Кошматов Улан, Жалал-Абад коомдук бирикмесинин жетекчиси
  26. Бурулча Төрөбекова, “Творим добро” фондунун жетекчиси
  27. Урмат Байматова «Фонд АЗИЯ» коомдук уюму
  28.  Нургуль Каимова, «ПАРИТЕТ» ЖЧКнын жетекчиси
  29. Шамшар Чотонов, “Аксы” коомунун жетекчиси
  30. Асель Лабаева, «KG-RUSS» Кайрымдуулук фондунун жетекчиси
  31. Максат Мамбеткулов, “KG-Лига” уюмунун жетекчиси
  32. Зарыл Омуралиева, МБулак МККнын өкүлү
  33. Роза Адышева, “Мирвам” окуу борборунун жетекчиси
  34. Карим Төрөбеков,  «МЕКЕНЧИЛДЕР» коомдук уюмунун жетекчиси
  35. Балташов Максат, “Мундуз” коомунун жетекчиси
  36. Темиров Маматкасым, “Өзгөн” коомунун жетекчиси
  37. Акматов Толкунбай “Ноокат” коомунун жетекчиси
  38.  Омурбек Осмонов, “Нарын-Теңир тоо” коомунун төрагасы
  39. Жаныбеков Жанарбек, “Алай ” коомунун жетекчиси
  40. Сарыбаев Таалай, “Ысык-Көл ынтымак” коомунун жетекчиси
  41. Маразыков Акбар, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын президенти
  42. Алимбаев Лунарбек, “Көк Жаңгак” коомунун жетекчиси
  43. Андашов Азамат “Базар-Коргон” коомунун торагасы
  44. Тажибаев Исабек, “Кадамжай” коомунун жетекчиси
  45. Асранкулов Нурали, “Кара-Кулжа” коомунун жетекчиси
  46. Шамшидинов Жаныш, “Кара-Суу” коомдук уюмунун жетекчиси
  47. Бейшекеев Дамир, “Талас ынтымагы” коомунун жетекчиси
  48. Эшанова Эльмира, “Баткен биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси
  49. Иманалиев Алтай, “Чүй” коомунун жетекчиси
  50. Ташболотов Болот, “Ала-Бука” коомунун жетекчиси
  51. Машаев Жаныбек, “Араван” коомунун жетекчиси
  52. Курбаналиев Шайлообек, “Тамаша” айылдык комунун жетекчиси
  53. Ысманов Чынгыз, “Жаңы Кызыл-Суу” коомунун жетекчиси
  54. Сагынбай  Расулов, “Лейлек” коомунун жетекчиси
  55. Жаманбаев  Бакытбек, “Кара-Көл” коомунун жетекчиси
  56. Салахунов Марсель, Табарман клубунун жетекчиси
  57. Курбаналиев Нурбек , Көк Бөрү федерациясынын өкүлү
  58. Эрназаров Талантбек, “Чаткал” коомунун төрагасы
  59. Кудашев Арсен, “Ак-Талаа” коомунун жетекчиси
  60. Надиев Нуржан, “Токтогул” коомунун жетекчиси
  61. Исыров Сыдык, “Кара-Суу” коомунун өкүлү
  62. Нурматов Зулпидин, “Кызыл-Булак” коомунун өкүлү
  63. Нурлан Мамытов, “Ноокат” коомунун өкүлү
  64. Кабатаев Жумагул, “Тогуз-Торо” коомунун жетекчиси
  65. Турдиев Абибилла, “Кызыл-Кыя” коомунун жетекчиси
  66. Кубанычбеков Нурбек, “Мен макул эмесмин” кыймылынын жетекчиси
  67. Сандыбаев Максат, “Бакай-Ата” коомунун жетекчиси
  68. Алиев Каныбек, “Баткен” коомунун жетекчиси
  69. Мамасали уулу Эламан, “Чоң Алай” коомунун жетекчиси
  70. Искендеров Канат “Сузак” коомунун жетекчиси
  71.  Эсенгелдиев  Максатбек, “Таш-Көмүр” коомунун жетекчиси
  72. Курамаев Азат, “Ынтымак Лига” уюмунун жетекчиси
  73. Оролбаева Айгерим, “Жаңы коом” уюмунун жетекчиси
  74. Темиров Улан, “Жумгал” коомунун жетекчиси
  75. Кубат уулу Жоомарт, «Торобай Кулатов айылдык коомунун» жетекчиси
  76. Адылгазиев Азамат, жеке ишкер
  77. Жапарова Мадинахан, “Супара” каналынын жетекчиси
  78.  Сабаева Жанна, “Москва кайрыктары” клубунун редактору
  79. Козубаева Айнаш, “Аян” театрынын жетекчиси
  80. Мамасадыкова Айнаш, “Аруу дүйнө”адабий клубунун жетекчиси
  81. Кармышакова Гулипа, кыргыз диаспорасынын маданий бөлүмүнүн жетекчиси
  82. Туралиева Майрам, кыргыз диаспорасынын маданий бөлүмүнүн өкүлү
  83. Омаралиева Бактыгуль, “Мурас” театрынын жетекчиси
  84. Мурзабаева Гулшайыр, Маданият борборунун жетекчиси
  85. Эшатова Бусайра Ноокен “Мундуз” коомунун маданий бөлүмүнүн башчысы
  86. Казакбаева Дамира, балдар борборунун жетекчиси
  87. Алимкулова Бактыгуль, балдар борборунун жетекчиси
  88. Абдуллаева Эльнура, “Жаш толкун” клубунун өкүлү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK