Соль-Илецк жана Бузулук шаарларындагы кырдаал тууралуу Пресс-релиз 5 -май 2020 – жыл

3729

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргызстандын жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы жетишилген келишимге ылайык  Оренбург облусунун Соль-Илецк шарында үстүбүздөгү жылдын  16-мартынан бери турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн россия-казакстан чек арасы аркылуу транзиттик бир жолу өтүүгө уруксат берилди.  

Үстүбүздөгү жылдын 5-майында жергиликтүу убакты боюнча саат 8.00. дөн баштап  Оренбург облусунан  9 атайын автобуста, анын ичинен 7си КРнын Өкмөтүнүн  эсебинен жана  2 автобус коммерциялык негизде  КРнын 519 жараны медициналык кызматкерлердин коштоосунда чыгып кетишти.  

Жарандардын калып калган автоууналары үчүн Оренбург облусунун Өкмөтү тарабынан Соль-Илецк шаарынын Аскердик бөлүгүнүн унаа коюучу жайы акысыз берилди.

Тилекке каршы, КРнын РФдагы Элчилигинин Консулунун жана кыргыз диаспорасынын активисттеринин түшүндүрмөлөрүнө карабастан, ал жерде дагы 70 жаран автоунаалары менен Казакстан чек арасынын ачылышын күтүп калышты.

Ал эми Оренбург облусунун Бузулук шаарына кире беришинде КРнын 300 жараны боюнча КРнын РФдагы Элчиси А.Джекшенкуловдун Оренбург облусунун Губернатору Д.Паслердин дарегине кайрылуусуна байланыштуу,   россия-казакстан чек арасынан өткөрүү маселеси чечилгендигин маалымдайбыз. 

Бузулукта турган жарандардын ичинен 155 жаран, алардын ичинде кош бойлуу аялдар, жашы жете элек балдар, улгайган адамдар жогоруда белгиленген автобуста Мекенине жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күнү Соль-Илецк менен Бузулукта кырдаал негизинен жөнгө салынды.

Штаб кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, Россиянын шаарларындагы жашаган жерлерине кайткан бардык жарандарга ыраазычылык билдирет. 

Ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Оренбург облусунун Губернатору Д.Паслердин жеке өзүнө жана облустун башка жетекчилерине, ошондой эле Соль-Илецк шаарынын жетекчилигине жана элине Кыргызстандын жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бүгүнкү күнү россия-казакстан мамлекеттик  чек арасы коронавирус илдетине байланыштуу жабык экендигин жарандарга эскертебиз.

Мекендештерибизди Россиянын шаарларында жашаган ордунда турууну жана россия-казакстан мамлекеттик  чек арасына чыкпай, жеринде санитардык-медициналык эреже, тартипти жана ден соолукту сактоого, өздөрүнө жана жакындарга аяр мамиле кылууга чакырабыз

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK