Элчиликтин маалыматтык кабары

3922

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

         Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Оренбургга жана Кыргызстанга самолет жана автобуска жасалма билет саткан жана Мекенине кайтууну каалаган жарандардын тизмесин түзүп жаткан, ошондой эле документтерди, анын ичинже мирациялык карта, каттоо карталарын жасалма жасаган белгисиз адамдарга алданган жарандар кайрылып жатат.

Ушуга байланыштуу, Элчилик жарандарды сак болуп, мындай алдамчылардын колуна түшүп, алданып калбоого чакырат. Эгерде ошондой адамдарга туш келсеңер, Россиянын ИИМнин аймактык тийиштүү органына, ошондой эле Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө тийишлтүу арыз менен тез арада кайрылууну сунуштайбыз.

      Алдамчылык менен иш кылган адамдар Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгилеп кетебиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK