КРнын жарандарын Мекенине жөнөтүү боюнча Элчиликтин Пресс-релизи

4456

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстанын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 17-майында Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 379 жаран келди.

Бул каттам менен 116 оор оорулуулар ( онкологиялык оорулар, бөйрөк, жүрөк оорулуулар, ж.б.) 27 оорулууларды коштоочулар, 8 майыптар, 38 улгайган адамдар, 78 боюнда бар келиндер, 77 жаш балалуу ата-энелер, ошондой эле аэропорттордо калып, хостелдерде жашап жаткан 35 жаран кетирилди.  Бардык ооруулар тийиштүү документтери болгон. Тизме Коомдук комиссиянын жыйынында бекитилген (Комиссиянын төрагасы: А.Лабаева – «KG-RUSS» кайрымдуулук фондунун өкүлү, Комиссиянын жооптуу катчысы; А.Эгембердиев – «Kginfo.ru» малыматтык-талдоочу порталынын журналисти).

Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоону суранган жарандар үчүн  жеке мүнөздөгү  маалымат тууралуу 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык, Элчилик КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайт. 

Кезекте агы 1000дей оорулууар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турат. Сабырдуулук менен күтүп турууну өтүнөбүз.  Россиядан Кыргызстанга чартердик рейсти уюштуруу боюнча Коомдук кеңештин жана Штабдын иши уланууда.  Жогорудагы категорияга кирген жарандар май жана июнь айларында Мекенине жөнөтүлөт.

Оренбург облусунун Бузулук районунун кире беришинде калган КРнын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча Элчилик азыркы кезде Оренбург шаарынан Бишкекке  чартердик каттам уюштуруу иши жүрүп жаткандыгын маалымдайт. Аталган каттам менен 200 жаранды, анын ичинде оорулуулар, улгайган жарандар, боюнда бар аялдар кетирилет.

         Тилекке каршы, Оренбург облусунун Бузулук районунда турган КРнын 500дөн ашуун жараны айрым саясатчыларын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жалган маалыматынын курмандыгы болуп калышты.

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында Оренбург облусуна Элчиликтин улуу дипломаттары Кыргызстанга самолет жарандарды алып кетүү сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана тизме түзүү үчүн иш сапар менен жөнөтүлдү. Оренбург облусунун жетекчилигинин, кыргыз диаспорасынын, ошондй эле спонсорлордун жардамы менен жарандарды тамак-аш менен камсыздоо маселеси чечилген.

Элчиликтин алдындагы Штаб Оренбург облусуна  россия-казакстан чек арасынан өтүп кетүү максаты менен чыккандарга жанан карантинге байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык чек ара жабыктыгынан улам оор абалга калып калбоо үчүн Оренбург тарапка чыкпоо өтүнүчү менен кайрылат.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу мамлекеттик расмий булактарда жарыяланган маалыматтар менен иш алып барууну, Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоону өтүнөбүз. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK