Кыргыз Республикасынын  Россия Федерациясындагы Элчилигинин Пресс-релизи 2020-жылдын 3-июн

4408

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.          

      «Аэрофлот» авиакомпаниясынын каттамдарына билеттердин Элчилик тарабынан жогору баада сатылып жатат деген чындыкка дал келбеген маалымат жана ушактар боюнча бул маалымат таптакыр жалган экендигин жана билеттин баасын «Аэрофлот» компаниясы гана коерун жана сатарын билдиребиз. 

                   Элчилик жүргүнчүлөрдүн тизмесин гана берет. Тизме жарандын жеке арыздары жана кыргыз диаспорасынын лидерлеринин сунушу менен төмөндөгү критерийлер боюнча: кош бойлуу айымдар, балалуу энелер, оорукчандар, улгайган жарандар, ошондой эле март айынан бери хостелдерде каттам күтүп жаткан жарандар жана жакын адамдарынын каза болгондугуна байланыштуу кайрылган жарандардан түзүлөт. 

                   «Аэрофлот» авиакомпаниясы бүгүнкү күнү Москва-Бишкек авиа каттамы боюнча төмөндөгүдөй бааны бекитти:

  • эконом класс – чоңдорго 13485 руб., 2 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 10523 руб., 2 жашка чейинки балдар үчүн 1170 руб.; 
  • бизнес-класс - чоңдорго 73860 руб., 2 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 66683 руб., 2 жашка чейинки балдар үчүн 7020 рублей (билеттердин баасы валютанын курсуна жаран бир аз өзгөрүшү мүмкүн). 

                   Бүгүнкү күнү Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 4,5 миңден ашуун арыз келип түштү. Тилекке каршы, бардык каалоочуларды дароо жөнөтүп жиберүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан мекендештерди сабырдуулукка чакырабыз. Азырынча кете албай жаткан жарандар ар кандай эмоционалдуу билдирүүлөрдү жасап, нааразычылыктарын билдирүүдө, биз алардын абалын абдан жакшы түшүнөбүз.

                   Элчилик тарабынан мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө, РФнын ТИМи, Росавиация, Роспотребнадзор жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

                   Элчилик Россиядагы биздин мекендештерибиздин учурдагы абалын эске алуу менен, Москва шаарынын Мэриясы менен биздин жарандарыбызга жардам берүү жана жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

                   Элчиликтин ишин ар кандай ушак жана болумуштар менен жаманатты кылуу максатын көздөгөн айрым уятсыз жарандардын аракетине карабастан, Элчиликтин алдындагы Штаб учурдагы кризиске байланыштуу жарандарыбызга жардам берүүнү: биринчи кезекте мекенине кетирүү, тамак-аш менен жана убактылуу жашоо жай (хостелдер) менен камсыздоо боюнча жардам берүү ишин күнү-түнү улантууда.

                   Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын тынчсыздануусун тең бөлүшүү менен, Штаб үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ичинде Россия Федерациясынан Кыргызстанга чартердик каттамдардын уюштурулаарын маалымдайт.

                   Ар кандай ушактарга ишенбөөнү жана Штабдын иши тууралуу ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алдырбоону, ошону менен бирге мамлекеттик булактарда гана жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK