Пресс-релиз 2020-жылдын 20-июнундагы “Москва-Ош” авиакаттамы тууралуу маалымат

3380

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 20-июнунда Москва шаарынан Ош шаарына чартердик каттам менен 325 Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кетти, анын ичинен эки жашка чыга элек 33 ымыркайлар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Штабка жана Элчиликтин колл-борборуна берилген жарандардын жеке арыздарынын негизинде гуманитардык критерийлерге жана кезектүүлүк принциптерине ылайык комиссиялык тандоо аркылуу түзүлдү. Тизмеге ар кандай категориядагы КРнын жарандары кирди, алардын ичинде майыптар, кош бойлуу айымдар, улгайган жарандар, катуу ооруган мекендештерибиз жана башкалар.

Ошондой эле бул каттам менен “эконом-класстагы” орундардан баасы 5,5 эсе жогору турган “бизнес-класстагы” орундуктардан билет алган 28 жаран жөнөтүлдү. Бул жарандардын да көпчүлүгү аярлуу категорияларга кирет.

Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоо тууралуу кайрылуулар боюнча Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет. 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 - жеке мүнөздөгү маалымат тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыяланбайт.

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанга кайтуучулардын тизмесине киргизүү өтүнүчү менен кайрылган жарандардын саны 7 миңден ашат. Тилекке каршы бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүнчулук жок. 
Ошол эле учурда, мекендештерибизди Кыргызстанга алып кетүү боюнча жигердүү иштер улантылып жатат. “Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” маршруттары боюнча бир жумада эки авиакаттамдар пландаштырылууда.
Жакынкы күндөрү Санкт-Петербургдан авиакаттам уюштуруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

2020-жылдын 20-мартынан тартып 20-июнуна чейин Россиядан Кыргызстанга 50 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан бүгүнкү күнгө 10 473 жаран Кыргызстанга кайтты.

Элчилик жарандардын көңүлүн арызды кылдаттык менен толтурууга жана так байланыш маалыматтарын берүү зарылдыгына бурат.

Элчиликтин алдындагы Штаб учурдагы кризиске байланыштуу жарандарыбызга жардам берүүнү: биринчи кезекте Мекенибизге жөнөтүү, тамак-аш менен жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыздоо боюнча жардам берүү ишин күнү-түнү улантып жаткандыгын белгилеп кетет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK