Кыргызстандын жарандарынын сөөгү коюлган жер Якутияда табылгандыгы тууралуу 2020-жылдын 8-июлундагы маалымат

3033

Массалык маалымат каражаттарда жана социалдык тармактарда “Кыргызстан жана Тажикстандан келген мигранттардын массалык түрдө көмүлгөн” жерди Якутияда табылгандыгы тууралуу маалымат таркатылгандыгына байланыштуу, Элчилик төмөндөгүнү билдирет.

Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Белгиленген жерде 5-кыргызстандыктардын сөөгү көмүлгөн. Алардын ичинен төртөө - КРнын жарандары жана бирөөсү – Кыргызстанда төрөлгөн РФнын жараны.

Жарандардын сөөктөрүн көмүүгө тийиштүү уруксат кагаздары жана документтери бар.

Болгон маалыматка ылайык, сөөк коюлган жер жергиликтүү мусулман көрүстөнүнө тиешелүү.

Тилекке каршы, мусулман көрүстөнүнүн аймагы өз убагында тосулган жана каралган эмес.

Азыркы убакытта Саха Республикасынын (Якутиянын) Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бул мусулман көрүстөнүнүн аймагы тазаланып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, уруксатсыз топтолгон таштандылар жок кылынып, мүрзөлөр тазаланды.

Саха Республикасынын (Якутиянын) Мусулмандарынын дин башкармалыгы көрүстөндүн аймагына ар дайым кам көрүү тууралуу жана аймактык мүчөлүк боюнча документтерди тапшыруу чечимдерин жарыялады.

Кыргыз Республиканын жарандарына маалымат үчүн! КРнын РФдагы Элчилигинин Саха Республикасынын Якутск шаарында Канцеляриясынын жакынкы убакытта ачылышы боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Канцелярия ачылаары менен, бул мекеме менен байланыш үчүн тийиштүү маалымат Элчиликтин сайтына жана Элчинин блогуна жайгаштырылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK