Чартердик рейстерге отургузуу үчүн жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жана авиабилеттерди эркин сатып алуу боюнча 2020-ж. 26-августундагы маалыматтык билдирүүсү

6029

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан, тактап айтканда КРнын Москвадагы Элчилиги, Санкт-Петербургдагы КРнын Элчилигинин кеңсеси, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КРнын Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ушуга байланыштуу, «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «ТезДжет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларына авиабилеттерди өздөрүнүн расмий авиакассалары же авиакомпаниянын веб-сайттары аркылуу өз алдынча сатууга укук берилет.

Ошондуктан, 2020-ж. 27-августунан баштап, Кыргызстандын бардык жарандары мекенине учууну кааласа, Элчиликке кайрылбай эле, авиабилеттерди түздөн-түз «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «ТезДжет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларынын авиакассаларынан же алардын расмий сайттарынан онлайн режиминде сатып ала алышат.

Бүгүнкү күндө, жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек жана Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан учуп жатышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK