Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жараны жабыркаган турак жайдагы өрт фактысы боюнча 2020-жылдын 26-августундагы маалыматтык билдирүү

2816

2020-ж. 26-августунда КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери жана КРнын Ички иштер министрлигинин РФдагы өкүлү Москва шаарынын Кубинка көчөсүндөгү 4-үйдүн 50-батиринде чыккан өрт фактысы боюнча Склифосовский атындагы ооруканага барышты.

Ооруканага баруунун жыйынтыгы боюнча аталган кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаганы аныкталды.

Дарылоочу дарыгердин айтымында, жабыркагандардын бири - Кыргыз Республикасынын 1999 ж.т. М.Д. аттуу жараны. Ал, дем алуу органдарынын үстүнкү катмарларын күйгүзүп, ошондой эле  күйүү продуктулары менен ууланып Склифосовский атындагы оорукананын күйүк борборуна жеткирилген. Учурда ал өз алдынча дем алып жатат.

Учурда РФнын жазык-процесстик кодексинин 144 жана 145-беренелерине ылайык (өрт чыккан учурда кылмыш белгилери бар же жоктугу) өрт чыгуунун себептери текшерилип жатат.

Маселе Элчиликтин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK