2020-ж. 28-августундагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

5262

КРнын ТИМнин кайтып келүү үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү КРнын РФдагы Элчилиги тарабынан токтотуусу жөнүндө жана авиакомпаниялар аркылуу авиабилеттерди түздөн-түз өз алдынча сатууга укук берүү чечимине байланыштуу, Элчилик маалымдайт.

«Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь, «ТезДжет», жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларына авиабилеттерди өз алдынча эркин сатуу укугу берилген.

Белгилей кетсек, авиабилеттерди сатуу расмий авиакассаларда же авиакомпаниянын расмий сайттарынан онлайн сатуу менен гана жүргүзүлөт.

«Авиатраффик» авиакомпаниясы

“Домодедово” эл аралык аэропортундагы 107 - кассада, дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 10.00дон 19.00га чейин билеттер сатылат.

Онлайн сатуу дүйшөмбү күнү(31-августа)  ачылат деп күтүлүүдө.

«Аэрофлот» авиакомпаниясы

Сатуу кеңселери жана кассалары тууралы маалыматы “Аэрофлот” авиакомпаниясынын расмий сайтынан тапса болот, шилтеме.

Авиабилеттерди компаниянын расмий сайтынан онлайн режиминде сатып алса  болот.

«Уральские авиалинии» авикомпаниясы

Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректе жайгашкан:

1. Эл аралык "Домодедово" аэропорту, №105, №106 кассалары, күнү-түнү.

2. Павелецкий темир жол бекети, №7 кассасы “Aэроэкспресс” залында, күн сайын саат 08.00 дон 20.00го чейин;

3. Соймоновский өтмөгү, 7-үй, 1-корпус, “Кропоткинская” метросу, дүйшөмбү-жума күндөрү саат 09.00дон 18.00го чейин.

«Сибирь» авиакомпаниясы

Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректе жайгашкан:

1. "Домодедово" эл аралык аэропорту (учуу залы, 1-кабат, № 3 чыгунун жанында), күнү-түнү.

2. Павелецкий темир жол бекети, “Аэроэкспресс” залында ((№3 кириш, Славянка дүкөнүнүн жанында), иш күндөрү саат 09.00тан 20.00га чейин;

Авиабилеттерди расмий сайтынан онлайн режиминде сатып алууга болот.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - жарандар жеке авиакассалардан жана агенттиктерден, ошондой эле ортомчулардан жана сатуучулардан байланышып, билеттерди сатып албашы керек.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK