Шайлоо - 2020. 2020-ж. 1-сентябрындагы КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

4242

Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүнө!

2020-ж. 4-октябрында РФнын аймагында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-ж. 2 –сентябрында Москванын убактысы боюнча саат 15.00 (Бишкектин убактысы боюнча саат 18.00) чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кезектеги онлайн жолугушуусу өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө, чет өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда жүргөн жарандар үчүн Кыргызстандын тышында шайлоону уюштуруу жараяны талкууланат.

Эгер аталган жолугушууга катышууга кызыктар болсоңор төмөнкү шилтеме аркылуу катталсаңар болот:

https://forms.gle/jTrk71BhTUf4CpfR7  

https://undp.zoom.us/j/92837703941 

Маалымдама: КР БШКнын чечими менен, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык, Россиянын аймагында 11 КРнын шайлоо тилкелери бекиттилген. Тактап айтканда:

1 жана 2. № 9001 жана № 9005 шайлоо тилкелери – КРнын Москва шаарындагы Элчилигинде;

3. № 9002 шайлоо тилкеси -  КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде;

4. № 9003 шайлоо тилкеси - КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсесинде;

5. № 9004 шайлоо тилкеси - КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинде;

6. № 9006 шайлоо тилкеси - КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинде;

7. № 9007 шайлоо тилкеси -  КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинде;

8. № 9009 шайлоо тилкеси - Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда;.

9. № 9010 шайлоо тилкеси  - Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугнда;

10. № 9013шайлоо тилкеси - КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде;

11. № 9014 шайлоо тилкеси - КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы кеңсесинде.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK