2020-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Россия Федерациясынын Интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын башчысы Г.Ивлиев менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде жолугушту

2637

2020-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Россия Федерациясынын Интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын башчысы Г.Ивлиев менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде жолугушту. Жолугушууга Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Юридикалык департаментинин директору Э.Зайганов дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Евразия экономикалык биримдигинини, Евразия патенттик уюмунун, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташууну өңүктүрүү жана интеллектуалдык менчик жаатында кесипкөй кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, интеллектуалдык менчик жаатындагы демилгелер, атап айтканда, талаш-тартыштарды жөнгө салууну, ойлоп табуу буюмдарды патент менен коргоо, дары-дармектердин евразиялык реестрин түзүү, ошондой эле мыйзамдуу ишкердик ишин колдоо максатында товардык белгиге болгон укукту өркүндөтүү механизми боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар, интеллектуалдык менчик жана ойлоп табуу буюмдарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча тыгыз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкчылыктар билдирилди.

Жолугушуу достук мамиледе өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK