Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Р.И.Гайнутдин менен жолугушуусу жөнүндө 2020-жылдын 22-октябрындагы маалыматы

2244

2020-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев Россия Федерациясынын, Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Р.И.Гайнутдин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар диний чөйрөдө натыйжалуу саясатты жүргүзүү жана диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу ж.б. маселелер боюнча талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев маектешине ушул маселелер боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди, ошондой эле бул багытта Россия Федерациясынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте иш алып барыларына ишендирди.

Жолугушуунун аягында катышуучулар жогоруда аталган темалар боюнча өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK