Паспортун алуу жана алмаштыруу маселелери боюнча, жарандарды кабыл алууну тартипке келтирүү жана тутумдаштыруу максатында, 2020-жылдын 16-ноябрынан тартып Элчиликтин Консулдук бөлүмү Кыргыз Республикасынын жарандарын алдын ала жазуу түрүндө кабыл алат

110520

Кыргыз Республикасынын паспортун алуу жана алмаштыруу маселелери боюнча, жарандарды кабыл алууну тартипке келтирүү жана тутумдаштыруу максатында, 2020-жылдын 16-ноябрынан тартып Элчиликтин Консулдук бөлүмү Кыргыз Республикасынын жарандарын алдын ала жазуу түрүндө кабыл алат.

Кабыл алуу үчүн, msk.pasport.kg@mail.ru электрондук дарегине арыз ээсинин толук аты-жөнүн, туулган күнүн, кайрылуучунун байланыш телефондорун көрсөтүү менен паспорт алуу же паспортун алмаштыруу максатын көрсөтүү керек. Бул маалыматты камтыбаган кайрылуулар четке кагылат.
Баса белгилеп кетебиз, жазылуу акысыз түрдө жүргүзүлгөндүгүн. Элчилик жарандарды ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.
Электрондук кайрылууга жооп катары бир иш күндүн ичинде, жакынкы бош убакытка дайындалгандыгы жөнүндө тастыктама берилет, паспорт алуу / алмаштыруу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси менен кошумча жөнөтүлөт.
Калган консулдук кызматтар үчүн жарандарды кабыл алуу кадимки жол менен – электрондук (талон алуу) "түз" кезек алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK