2020-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Эркин Хорватиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томислав Цар менен жолугушту.

2431

2020-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Эркин Хорватиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томислав Цар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-хорват кызматташтыгынын күн тартиби боюнча пикир алышышты.

Кыргыз тарап, учурда Кыргызстанда саясий кырдаал турукташкандыгын, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгенин, алдыда президенттик шайлоо, конституциялык реформалар, парламенттик шайлоо өткөрүү күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Эл аралык, көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкууланды, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу маселелерин карап чыгышты.

Бардык деңгээлдерде тыгыз байланышты сактоо, саясий диалогду чыңдоо, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK