Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министринин Өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Хамад Сулайман Аль-Мишан менен жолукту

2748

2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов, Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин Өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Хамад Сулайман Аль-Мишан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Карагулов кувейттик кайрымдуулук фондторунун, калктын аярлуу катмарынын жашоосун оңдоого, социалдык инфратүзүмдү бекемдөөгө багытталган: социалдык шаарчаларды, оорууканаларды, ФАП жана билим-берүү мекемелерин куруу сыяктуу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди:

Аны менен катар, кайрымдуулук фондтордун ишмерүүлүгүнүн натыйжалуулугун өстүрүү жана алардын иш-алып баруусунда мамлекеттик программаларга жана социалдык талаптарга жараша координациялоо боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Элчи Х.Аль-Мишан кувейттик кайрымдуулук уюмдар өз ишмердүүлүгүн Кыргызстанда ийгиликтүү алып барып жаткандыгын билдирди. Ал жетектеген Департамент тышкы жардам көрсөтүүгө жооптуу жана кувейттик кайрымдуулук уюмдарынын ишмердүүлүгүн координациялап турарын белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптыр эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташытктын деңгээлин оң баалап, кызматташуунун мындан ары да өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып барууга макулдашты.

Элчи А.Карагулов маектешин жаңы кызмат ордуна дайындалуусу менен куттуктап, мындан ары дагы ийгиликтерди каалап биргеликте иш алып барууга даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK