Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Директору, Элчи Валид Али Ал-Хобайзи менен жолугушту

2777

2021-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Директору, Элчи Валид Али Ал-Хобайзи менен жолугушту.

Элчи А.Карагулов Валид Ал-Хобайзини Азия департаментинин Директору болуп дайындалуусу менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө биргеликте жемиштүү иш каалады. Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы үзгүлтүксүз саясий байланышты сактоо боюнча тараптардын иштеринин оң жыйынтыктарын жана кредиттик жана гуманитардык кызматташууну координациялоо жөнүндө белгиледи.

Өз кезегинде  В. Ал-Хобайзи тараптардын  соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү боюнча  милдеттерин белгилөө менен, кувейттик тараптын саясий, кредиттик жана гуманитардык тармактарда жетишкен кызматташуусунун деңгээлин сактоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Аны менен бирге, тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды уюштуруу, кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын  жана Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелердин мөөнөттөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2021-жылы ачылган Бишкек менен Эл-Кувейттин ортосундагы түз аба каттамы Кувейт жана Булуңдагы өлкөлөрдөн Кыргызстанга саякатчылардын агымын көбөйткөндүгүн, эки өлкөнүн элдеринин ортосунда соода жүгүртүүсүн жана өз ара таанышууга өбөлгө болгонун канааттануу менен белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK