Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондунун (КАЭӨФ) башкы директору Марван Абдалла Аль-Ганим менен жолугушту

2142

2022-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондунун (КАЭӨФ) башкы директору Марван Абдалла Аль-Ганим менен жолугушуп, кыргыз-кувейт кредиттик жана инвестициялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Карагулов Кыргызстандагы Кувейт Фонду тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун этаптары, негизги көйгөйлөрү жана Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Араб координациялык тобунун (АКТ) өнүктүрүү фонддорунун катышуусу менен Төртүнчү тегерек столду өткөрүү боюнча пландары, өнүктүрүү фонддорунун кароосуна сунуштала турган келечектүү долбоорлор жөнүндө жана башка меселелер талкууланды.

Кувейт Фондунун Башкы директору М.Аль-Ганим кыргыз тараптын кредиттик кызматташтыкты жакшыртуу боюнча аракеттерин жана тараптардын көп жылдык өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгын чыгарууга мүмкүндүк берүүчү АКТнын мүчө-фонддору менен кийинки жолугушууну өткөрүү ниетин кубаттады. Ошондой эле инфраструктураны жана өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү тармактарын өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду карап чыгууга даярдыгын белгилеп, сүйлөшүү учурунда Фонддун жетекчиси бир тууган мамлекет катары эсептелген Кыргызстанды мындан ары да колдоого басым жасалаарын ырастады.

Тараптар ошондой эле мындан аркы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашты, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ведомстволорунун Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фонду менен өз ара эффективдүү иштеши жана каржыланган долбоорлор боюнча макулдашууларды өз убагында ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK