Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ѳкмѳттѳрү кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууга, экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга, инвестицияларды ѳз ара илгерлетүү жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюу менен, эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгѳ бекем негиз түзүштү.

2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасында Катардын инвестиция боюнча башкармалыгынын, Экономика жана соода министрлигинин, «Хасад Фуд», «Катар Майнинг», «Катара Хоспиталити» мамлекеттик компанияларынын ѳкүлдѳрү жана Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министринин эл аралык кызматташуу боюнча орун басары жетектеген инвестициялык делегациясы иш сапарлары менен болушкан. Жолугушуулар жана сүйлѳшүүлѳр учурунда соода-сатык жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктѳрү талкууланган.

2016-жылы Биргелешкен кыргыз-катарлык өкмөттөр аралык экономикалык, соода жана техникалык кызматташуу комиссиясы түзүлгөн. Анын Биринчи жыйыны 2017-жылы 14-мартта Доха шаарында болуп өттү. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында тараптар сооданын жана инвестициянын көлөмүн талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты кеңейтүү зарыл экендигин баса белгилешти. Тараптар инвестициялык кызматташууну активизациялоо жана кеңейтүү керек экендигин ѳзгѳчѳ айтышып, эки ѳлкѳнүн жеке ишеркелеринин жолугушууларын ар дайым ѳткѳрүп туруу, алардын ѳз ара иш сапарларын уюштуруу жана соода-сатык кѳргѳзмѳлѳрүн ѳткѳрүү зарылдыгын баса белгилешти. Инвестиция жаатында кызматташууну улантуу менен бирге сунуш кылынган инвестициялык долбоорлордун кирешелүүлүгүн аныктоону макулдашылды. Жыйындын жыйынтыгында соода жана экономика, инвестиция, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну өнүктүрүү келишими бекитилген протоколго кол коюлду. Өкмөттөр аралык комиссиянын келээрки жыйыны 2019-жылы Бишкекте болмокчу.

Кыргыз-катарлык соода-экономика жана инвестициялык мамилелерин кеңейтүүдө 2017-жылдын 24-26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетине Соода-экономикалык миссиясы маанилүү болду. Эки ѳлкѳнүн Соода жана өндүрүш палаталары кыргыз-катарлык кызматташууга түрткү боло турган Ишкерлер кеңешин түзүүнү башташты.

Эки тараптуу соода кызматташтыгын өнүктүрүү максатында кыргызстандык айыл-чарба өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын Катар Мамлекетининдеги үч эл аралык көргөзмөгө катышуусу уюштурулду, тактап айтканда Катар алтынчы эл аралык айыл-чарба көргөзмөсү “АГРИТЕК-2018”, Катар эл аралык жайкы көргөзмөсү жана эл аралык “Катар өзүн-өзү камсыз кылуу -2018” көргөзмөсү.

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда авиакаттам ачуу жана транспорт-транзиттик коридор түзүү маселелерин карашып, соода-сатык жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүү жолдорун аныкташууда.

Календарь событий 2019 (жуктоп алуу)