“Qatar Travel Mart-2023” эл аралык туристтик көргөзмөсү
2023-жылдын 20-ноябрынан 23-ноябрына чейин Доха шаарында “Qatar Travel Mart-2023” эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүүдө. Бул көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын туристтик фирмаларынын өкүлдөрү катышты.
2023-жылдын 21-ноябрында Фонддун вице-президенти Максат Усубалиев өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады. Көргөзмөгө катышкан Катар жана башка өлкөлөрдүн туристтик компаниялары менен B2B жолугушуулары өткөрүлдү.
Келгендер көчмөн элдин салты, маданияты, тамак-ашы жана жашоосу менен тааныша алышты. Ошентип, көргөзмөнүн жүрүшүндө келгендер Кыргызстандын улуттук ашканасынын таттууларынан жана кургатылган жемиштерден сынап көрүштү, ошондой эле кыргыз бийине күбө болушту.