Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарынын мэринин орун басары Аннет Бош менен жолугушту

1244

2022-жылдын 13-июлунда Кыргызстандын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарынын мэринин маданият иштери боюнча орун басары Аннет Бош менен жолугушту, анын жүрүшүндө Бишкек жана Будапешт шаарларынын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана иш чараларды 2022-жылы ишке ашыруу талкууланды.

Элчи Т.Кушчубеков А.Бошту Будапешт шаарынын вице-мэри кызматына шайланышы менен куттуктап жана Будапешт шаарындагы гул бакчага Ч. Айтматовдун ысымын ыйгарууга көмөктөшкөн мажар тарапка ыраазычылык билдирип улуу кыргыз жазуучусунун жаркын элесине Мажарстандын аяр мамилесин баса белгилеп мажар тарап менен анын эстелигин орнотуу маселесин, ошондой эле аянтты мындан ары көрктөндүрүү пландарын талкуулады.

Ошондой эле, элчи Т.Кушчубеков эки өлкөнүн ортосунда бир катар маданий иш-чараларды, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында Мажарстанда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде А.Бош Кыргызстандын Мажарстандагы элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен мындан аркы биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди жана венгер тараптын Кыргыз Республикасынын Мажаристанда Маданият күндөрүн майрамдоого катышууга даярдыгын белгиледи.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүү маселелери боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK