Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча пландалган иштердин алкагында 2022-жылдын 4-6-октябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин көмөгү менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргыз Республикасына барды.

828

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча пландалган иштердин алкагында 2022-жылдын 4-6-октябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин көмөгү менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргыз Республикасына барды.

Делегациянын курамына Сардиния аймагынан Барбагия айыл чарба аймагынын фондунун өкүлдөрү, Италиянын кайра жаралуучу энергия булактары боюнча «AT Ambiente» жана Ломбардия аймагынан «Sviluppo Ambiente» компаниялары, ошондой эле италиялык туризм жана мейманкана-ресторан бизнесинин өкүлдөрү кирди.

Иш сапардын алкагында делегация Тышкы иштер, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Энергетика, айыл чарба, энергетика, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук агенттиктин, «Кыргыз өнөр жай» ААКнын өкүлдөрү, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы», ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен жолугушту. Ошону менен бирге италиялык ишкерлер сүт азыктарын өндүрүүчү жайларды кыдырып, «Бишкексүт» ААКтын ишмердүүлүгү менен тааныша алышты.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук агенттик тарабынан уюштурулган B2B бизнес-форумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагынын ишкерлери италиялык тарап менен Италияга айыл чарба продукцияларын, Сардиния аймагына кургатылган жемиштерди, жаңгактарды жана балды экспорттоо маселесин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Барбагия айыл чарба райондук фонду айыл чарба продукциясын экспорттоодо кызматташуу, эчкинин сүтүнөн сыр өндүрүү боюнча Кыргыз Республикасынан адистерди даярдоо долбоорун ишке ашыруу, квалификациялуу адистерди тартуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынан Сардиния аймагына эмгек, жана туризм тармагында өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

КР Энергетика министрлигинин жетекчилиги менен КРда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Италиялык компанияларга Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалы көрсөтүлүп, чет элдик инвесторлорго берилген жеңилдиктер кеңири түшүндүрүлдү. Италиялык тарап Кыргыз Республикасынын энергетикалык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине андан ары кароо үчүн жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өткөрүлгөн башка жолугушуулардын жүрүшүндө италиялык ишкерлерге Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү секторлорунун инвестициялык потенциалы, анын ичинде туризм, тигүү жана текстиль өндүрүшү сунушталды. Италиянын алдыңкы технологияларын, инновацияларын жана тажрыйбасын Кыргыз Республикасына тартуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK