2022-жылдын 9-декабрында Кыргызстандын ФАОдогу Туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүнө арналган иш-чарага катышты

606

2022-жылдын 9-декабрында Кыргызстандын ФАОдогу Туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүнө арналган иш-чарага катышты.

Маалымат үчүн: 2002-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 11-декабрда Эл аралык тоо күнүн жыл сайын белгилөө жөнүндө резолюция кабыл алган (Резолюция № А/РЭС/57/245, 2002-жылдын 20-декабрындагы 78-пленардык жыйында кабыл алынган). Башкы Ассамблеянын резолюциясында дүйнөлүк коомчулукка “бул күнү тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жайылтуу үчүн бардык деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу” сунушталган.

Иш-чара ФАОнун штаб-квартирасында өтүп, «Аялдар тоолорду жылдырат» деген темага арналып, ФАОнун Башкы директору Цюй Дюнъюй, Андорранын Тышкы иштер министри М.Убах, ошондой эле ФАОго мүчө мамлекеттердин Элчилери жана Туруктуу өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларына сөз сүйлөштү.

Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Т.Базарбаев өз сөзүндө БУУнун Башкы Ассамблеясында тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү Кыргызстандын жетектөөчү ролу, «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы» Концепциясын иштеп чыгуу, ошондой эле тоо экосистемаларын коргоо боюнча биргелешкен чараларды көрүү маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары, иш-чаранын конокторуна Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү боюнча стратегиялык документтерге гендердик теңчилик маселелерин ишке ашырылып жаткан интеграциялоо, анын ичинде 2022-жылдын октябрында бекитилген климаттын өзгөрүшүнүн гендердик аспектилери боюнча максаттарды камтыган 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы боюнча маалымат берилди.

Иш-чаранын алкагында белгилүү модельер Стелла Жандын мода көргөзмөсү да болуп, Кыргызстан, Пакистан, Гаити жана Перунун кол өнөрчүлүк топтору менен биргеликте тигилген кийимдер коллекциясын тартуулады. С.Жан Кыргызстандан келген «Топчу» кол өнөрчүлүк тобу менен кызматташып, көргөзмөнүн жүрүшүндө кыргыздын оймо-чиймелери жана саймалары түшүрүлгөн кийимдер көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK