Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» этнофестивалынын жабылыш аземине катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия Королчулугу) «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш аземине катышты.
Өкмөт башчы ошондой эле Сауд Аравиясынын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен эки жактуу жолугушуу өткөрүп, анда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Мындан тышкары Премьер-министр этнофестивалга катышкан Кыргызстандан барган артисттер жана спортсмендер менен жолугушту.