Урматтуу Сауд Араб Падышачылыгынын аймагында убактылуу/туркутуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары!

3226

2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна  Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун камсыз кылуу максатында, Элчилик күнүгө (дем алыш күндөрдү кошуп) саат 09:00дөн саат 20:00гө чейин иштей тургандыгын маалымдайт.

Сауд Араб Падышачылыгынын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн, 2020-жылдын 29-декабрына чейин Элчиликтин - УШК 9045 шайлоочуларынын тизмесине кириш керек.

Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн төмөнкүлөр керек:

1.Мурда биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон өтүү жетиштүү болот. Консулдук каттоого туруу үчүн - консулдук каттоо баракчасын толтуруп, жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын паспортун тапшырышыңыз керек.

2.Эгерде жаран буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болсо, анда Элчиликке келип, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого туруу керек.

Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн tizme.gov.kg сайтынан текшере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK