Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматыда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышууда
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында ( Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү кезектеги жыйынына катышууда.
Андан соң ЕӨАК отуруму кеңейтилген түрдө өтөт.
Жыйындын башында делегация башчыларынын саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү болду.