2022-жылдын 7-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

1083

2022-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директору генерал-майор Ерлан Алдажуманов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жарандарды жана жүк ташуучуларды кесип өтүүдө учурдагы кырдаалды жана негизги көйгөйлөрдү, учурдагы өткөрүү пункттарынын иштөө режимдерин, ошондой эле, Кыргызстандын С.Жапаров жана Казакстандын К.Ж.Токаев президенттеринин тапшырмасына ылайык, өнөр-жай соода жана логистикалык комплексти куруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар чек ара аймагында жигердүү кызматташууну улантууга жана Кыргызстан менен Казахстандын чек ара зонасында мүмкүн болгон көйгөйлөрдү тез арада жөнгө салууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK