2022-жылдын 5-декабрындагы Элчиликтин пресс-релизи

736

2022-жылдын 4-декабрында Астана шаарында "Radisson" мейманканасында дипломаттардын жубайы ассоциациясы тарабынан уюштурулган Нартууган кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү, ага 41 өлкөнүн өкүлдөрү, ошондой эле кайрымдуулук уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жамааты катышты.
Жогоруда аталган жарманкеде Кыргыз стенди Казакстандын борборунун жашоочулары жана меймандары арасында өзгөчө суроо-талапка ээ болгон Улуттук сый тамактар, зер буюмдар, сүрөттөр, сувенирлер жана улуттук белектер топтому менен тартууланды. Мындан тышкары жарманкенин жүрүшүндө туризм боюнча таркатма материалдар да берилди.
Бардык түшкөн каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, ата-энесиз калган балдарга, карылар үйлөрүнө жардам берүү үчүн кайрымдуулук иштерине жумшалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK