2019-жылдын 5 августта Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари менен жолугушту

2904

2019-жылдын 5 августта Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари менен жолугушту.

Жолугушунун жүрүшүндө кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-отурумунун (2019-жылдын 12-июлу, Бишкек ш.) Протоколунун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташтыкты активизациялоо  маселелер талкууланды.

Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари, өз кезегинде, Кыргыз Республикасы менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташууну интенсификациялоо үчүн казак тарабынын даяр экендигин билдирди, ошондой менен бирге Казакстан Республикасынын билим берүү стипендиялык программалар тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосундагы келишим-укуктук базаны бекемдөө боюнча өз ара пикир алмашышты. Ушуга байланыштуу, 2016-жылдын 4-июлунан билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Өкмөттөрүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун алкагында 5-тен 10-го орун бөлүнгөн квоталарды көбөйтүү маселеси кароонусунун тездетүү үчүн кыргыз тарабы казак тарабына өтүнүчүн билдирди.   

 

 

  • 2019-жылдын 5 августта Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK