2022-жылдын 6-сентябрындагы Пресс-Релизи

1229

2022-жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы элчиси Дастана Дюшекеев Кувейт Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Омар Ахмед Мохаммед Мурад Аль-Кандари менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы маселелерин, атап айтканда, Кувейттин бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруу аркылуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча зарыл кадамдарды талкуулашты.

Жолугушууда элчи Д.Дюшекеев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына, инвестиция жана туризм тармагына токтолду.

Өз кезегинде Кувейт Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы элчиси Омар Ахмед Мохаммед Мурад Аль-Кандари өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган күн тартибиндеги маселелерди алдыга жылдырууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK