Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева менен жолугушуусу

2837

Бүгүн, 2021-жылдын 10-февралында, Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева менен жолугушуусу болуп өттү.

          Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун жаңы багыттарынын келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар кино жана телекөрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну маалыматтык камсыздоо боюнча Казакстандын тажрыйбасын изилдөө мүмкүнчүлүгү дагы өзүнчө каралды. Маданий жана тарыхый туризмди өнүктүрүүдөгү чоң мүмкүнчүлүктөр бар болгону да белгиленди.

          Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары тыгыз жана өз ара пайдалуу мамилелерди орнотуу ниетин билдиришти.

  • Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева менен жолугушуусу
  • Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева менен жолугушуусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK