Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – интеллектин туу чокусу” эл аралык форуму"

4535

2019-жылдын 18-мартында Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – интеллекттин туу чокусу” эл аралык форуму болуп өттү. Форумдун алкагында Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жумагул Сааданбековдун казак тилиндеги “Чыңгыз Айтматовдун философиясы” аттуу китебинин бет ачаары өттү. Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университеттин ректору, Казакстан Республикасынын УИАнын академиги Ерлан Сыдыков бул иш чара Казакстан менен Кыргызстандын дипломатиялык карым-катнаштарынын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турганын белгилеп, иш чараны ачып берди. “Бүгүнкү форумдун ишине улуу жазуучунун карындашы Роза Төрөкуловна Айтматова, Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев, китептин автору Жумагул Сааданбеков катышып жатат. Бул жерде дагы Чыңгыз Айтматовдун кесиптештери да бар. Сиздерге эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөө жолундагы эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Айтматовдун философиялык чыгармаларынын өзөгү «Рухани жаңғыру» программасы менен айкалышып турат. Ушундай форумдар аркылуу улуу жазуучуларды барктоо биздин биригүүбүз жана тынчтыкты сүйүүбүз үчүн татыктуу иш” – деди Ерлан Сыдыков. Форумга Казакстан Республикасынын Парламентинин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле интеллигенциянын өкүлдөрү катышты. “Айтматовду барктоо менен, биз кыргыз элин барктаганыбыз. Бул чын эле чексиз жана накта сый-урмат. Биз бир элден тараган боордош элбиз. Мамлекеттин башчысы Нурсултан Назарбаев кыргыз эли жөнүндө дайыма камкордугун көрсөтүп турат. «Бейбітшілік»’ тин биринчи сыйлыгын Нурсултан Назарбаев Чыңгыз Айтматовго ыйгарып берген.” – деди Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты, саясий илимдердин доктору, профессор Куаныш Султанов. Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жумагул Сааданбековдун казак тилиндеги “Чыңгыз Айтматовдун философиясы” аттуу китебинин бет ачаары өткөндөн кийин Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинин илимий кеңешинин чечими менен авторго жана улуужазуучунун карындашы, коомдук ишмер Роза Төрөкуловна Айтматовага «Күлтегін» медалы ыйгарылды. “Чыңгыз Айтматов – дүйнөлүк жазуучу. Анын чыгармаларында башкы каармандар негизинен кыргыздар жана казактар болгон. Натыйжада, казак жана кыргыз элдеринин байланышы да тереңделген. Казак талаасы аны шыктандырган жана жогору көтөргөн. Ошондуктан китептин бет ачаары үчүн мен Сарыаркынын борборунда жайгашкан жана Президент Нурсултан Назарбаев негиздеген Евразиялык улуттук университетин тандагам.” – деди китептин автору Жумагул Сааданбеков.

  • Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – интеллектин туу чокусу” эл аралык форуму
  • Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – интеллектин туу чокусу” эл аралык форуму

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK