Келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Элчиликтин Пресс-релизи

2254

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

депутаттарын шайлоо

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КР ЖК депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

 

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигининде (№ 9028 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине иш күндөрүндө саат 9:00 – 18:00 чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул иш чараны 2021-жылдын 15-ноябрына чейин аткаруу зарыл.

Каттоодон өтүү үчүн төмөндөгү талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту; 2. Сүрөт (3*4 см. - 2 шт.).

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси Элчиликте бекитилген шайлоо участогунда таанышуу үчүн 2021-жылдын 19-сентябрында илинет.

Эгер кандай бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин Элчиликке арыз менен кайрылусуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогундаа акыркы тизме илинет.

Элчиликтин дареги: Нур-Султан шаары, Кунаева к., Дипломатиялык шаарча Б5.

Эскертүү: Шайлоочулардын тизмесине кирбеген жарандар шайлоого катыша албайт!

Сурап билүү телефондору: +77172286108, +77774733009

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK