2021-жылдын 2-ноябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

2004

Ушул жылдын «2»-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин башкармалыгынын төрагасы – ректору Ерлан Сыдыков менен жолугушту.

Жолугуушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жаатында билим берүү, илим тармагын жана бул багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча мындан аркы биргеликте аракеттерди, ошондой эле жакын арада Кыргызстан менен Казакстан жогорку окуу жайлар ректорлорунун кеӊешинин жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, ал отурумда эки өлкөнүн билим берүү жана илимий потенциалын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселери талкууланат.

Элчи Д.Дюшекеев университеттин жетекчилиги менен жолугушуудан кийин Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде Кыргызстандан келип билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.

  • 2021-жылдын 2-ноябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK