2022-жылдын 29-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

1777

Ушул жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо Министри Тамара Дуйсенова менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар социалдык-эмгек чѳйрѳсүндѳ кѳрсѳтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана санариптештирүү, чет ѳлкѳлүк жарандарды Казакстанда жана казакстандыктарды чет ѳлкѳлѳрдѳ ишке орноштуруу маселелерин, ошондой эле эки ѳлкѳнүн пенсия жана социалдык камсыздоо тармагында ѳз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Ошондой эле, Элчи Д.Дюшекеев Министр Т.Дуйсеновага кыргыз-тажик чек-арасында болуп ѳткѳн окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана талаш маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү позициясын өзгөрүүсүз карманарын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK