2023-жылдын 20-январындагы Элчиликтин пресс-релизи

457

2023-жылдын 17-январында Казакстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана жүрүү эрежелерин 2022-жылдын 27-январынан тартып өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Жаңы эрежелерге ылайык:

- визаны талап кылбаган тартипте өлкөгө келген чет өлкөлүк жарандардын Казакстан Республикасында жүрүү мөөнөтү Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин бүтөт, жалпысынан, эгерде Казакстан Республикасынын тиешелүү тарап менен макулдашуусунда башка эрежелер белгиленбеген учурда 6 айлык мөөнөттө 3 айды түзөт;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн жүрүү мөөнөтү - Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин аяктайт, 180 календардык күндүн ар бир мезгилинде бардыгы биригип 90 календардык күндү түзөт;

- эгерде жарандар 6 айдын ичинде 3 айдан ашык калууга ниеттенсе, анда алар иш берүүчү менен эмгек келишимин түзүшү керек же миграциялык кызматтан убактылуу жашоого уруксат (ВНЖ) же жашап турууга уруксат алуусу керек. Мурда ВНЖ алган жарандар анын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин кала алышат;

- эгерде мүчөлөрүнүн үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон учурда, үй-бүлө биригишине байланыштуу миграциялык кызматтан убактылуу жашоого уруксат алуу зарыл.

Казакстандандын аймагынан чыккан күндөн кийин өлкөдө калууга башка жүйөлүү себептери жок учурда, чет өлкөлүк жаран чек арадан кайра өтүү үчүн 90 күн күтүүсү керек. 

Жарандардын ар бир келүүсү жана кетүүсү жыйынтыкталып, 90 күндөн кийин ар бир кирүү үчүн күтүү мөөнөтү дагы 90 күн болорун эске алуу зарыл. Ошону менен бирге, убактылуу жашоого уруксаты жок келгендер жана кеткендер, эмгек келишими түзүлөөрүн белгилейбиз.

Белгиленген жана уруксат берилген мөөнөттөн ашып кеткен учурда Казакстан Республикасынын Чек ара кызматы өлкөгө кирүүгө чектөө киргизет.

Жаңы чектөөлөр Казакстанга виза менен келген чет элдик жарандарга жана убактылуу жашоого уруксаты бар жарандарга тиешеси жок. Бул категориядагы жарандар үчүн өлкөдө болуу мөөнөтү документтин жарактуу мөөнөтү менен гана чектелет.

Учурда Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары Казакстан Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн эсептөөнүн тартиби, ошондой эле аларды колдонуу механизмдери менен байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда.

Белгилей кетсек, Казакстанга кирүүнүн жаңы эрежелери 2023-жылдын 27-январынан тартып күчүнө кирет.

Элчилик, Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу жана жүрүүнүн жаңы эрежелерин кунт коюп окуп чыгууга чакырат.

Бардык кызык жараткан суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү телефондор аркылуу кошумча маалымат ала алышат:

Кыргызстандын Астанадагы элчилиги: +7-776-124-88-33;

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу: +7-777-037-14-48, +7-705-548-97-87.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK