2023-жылдын 27-январындагы Элчиликтин пресс-релизи

459

Ушул жылдын 26-январы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев “Казатомпром” улуттук атом компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Ержан Муканов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Казатомпром» УАК АКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын, Борбордук Азия өлкөлөрүндө атомдук энергетиканы өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле «Казатомпром» менен Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттеринин ортосундагы мүмкүн болгон кызматташуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасындагы Кара-Балта тоо-кен комбинатынын ишинин айрым аспектилерине да токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында казак тарап кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигине ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK