Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда «БА+АКШ» форматындагы кезектеги министрлердин жолугушуусуна катышты

203

2023-жылдын 28-февралында Астана шаарында Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда «Борбордук Азия+АКШ» форматындагы кезектеги министрлердин жолугушуусуна катышты.

Күн тартибине ылайык, тараптар экономикалык, энергетикалык, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу жана чек ара коопсуздугу жана терроризм жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө, азыркы туруксуз эл аралык шарттарда азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана социалдык стабилдүүлүктү камсыз кылуу маселелери Борбордук Азия аймагынан артыкчылыктуу көңүл бурууну, күч-аракеттерди бириктирүүнү жана макулдашылган иш-чараларды талап кылаарын белгиледи. Буга байланыштуу транспорт, энергетика жана тамак-аш өнөр жайы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүү менен катар кызматташуунун келечектүү багыттары, анын ичинде креативдүү индустрия, экология жана таза энергетика багыттары да айтылды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кесиптештерин инфраструктуралык жана инвестициялык компонентке басым жасоо менен аймактык жана улуттук долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууну баштоого чакырды.

Санкциялардын кесепеттерин минималдаштыруу жана мүмкүн болуучу кошумча санкцияларды колдонууга жол бербөө маселелери боюнча тараптар өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен тиешелүү консультацияларды жана диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Аймактык стабилдүүлүк жана коопсуздук, чек ара коопсуздугу жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулоонун алкагында Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы бул багытта бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеп, буга мисал катары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин жалпыга таанылган нормалардын жана принциптердин негизинде сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүүнү келтирди.

Кыргыз тарап бүтүндөй аймак үчүн туруктуулуктун негизги компоненттеринин бири чек ара коопсуздугу, терроризмге, аткезчиликке каршы күрөшүү жана соода-сатыкка көмөктөшүү экенин баса белгиледи. Бул багытта жогоруда аталган коркунучтарга каршы күрөшүү процессине алдыңкы тажрыйбаны алууга жана алдыңкы эл аралык технологияларды киргизүүгө кызыгуу билдирилди.

Афганистандагы кырдаал боюнча Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан афган элине гуманитардык катастрофанын алдын алууда колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле кайра куруу процессине узак мөөнөттүү жардам көрсөтүүгө жана афган эли үчүн татыктуу жашоону курууга багытталган эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдой турганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрликтеринин башчылары С5+1 форматынын алкагында мындан аркы кызматташууга умтуларын ырасташты.

Маалымат үчүн: БА+АКШ форматы Борбордук Азиянын беш өлкөсү (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) жана АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн көп тараптуу механизми болуп саналат. Ал 2015-жылы экономика, экология, коопсуздук, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу жаатындагы аймактык маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн.

  • Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда «БА+АКШ» форматындагы кезектеги министрлердин жолугушуусуна катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK