Ташкентте Кыргызстан менен Казахстандын Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болду

2931

2019-жылдын 15-ноябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолушуу өткөрдү. 

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун күн тартибин карап чыгышты, кыргыз-казакстан өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин ушул жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча пикир алмашышты. Сапардын уюштуруучулук-протоколдук маселелерине жана мазмундуу бөлүмүнө тараптардын өзгөчө көңүлү бурулду. 

Сүйлөшүүлөр Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK