Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомартом Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити, ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу сүйлөшүштү.