2018-жылы Кыргыз Республикасынын имиджин жана позициясын бекемдеген бир катар эл аралык иш-чаралар өткөрүлдү.

1. Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын имиджин бекемдөө

         Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан өлкөбүздүн ичинде жана чет өлкөлөрдө бир катар эскерүү иш-чаралары («Айтматовдун көркөм окуулары», конференциялар, фото көргөзмөлөрү, жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди көрсөтүү ж.б.) өткөрүлдү. 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков, Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Хаммаршильд атындагы китепканасында Ч.Айтматовдун фото көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. 4-октябрдан 7-октябрга чейин мамлекет башчыбыздын жана 21 өлкөдөн, 7 эл аралык уюмдардан келген 100дөн ашуун коомдук жана маданий ишмерлердин катышуусунда, «Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары» аттуу интелектуалдардын III-Эл аралык Ысык-Көл форуму болуп өттү. 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун катышуусунда Москва шаарындагы Ч.Айтматов атындагы скверде жазуучунун эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп, Екатеринбург шаарынын бир көчөсүнө анын ысымы ыйгарылды. 16-августта Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Премьер-министрлеринин катышуусунда Астана шаарында Ч.Айтматов атындагы көчө,  Минск шаарында сейилбак ачылды. Ошондой эле 12-декабрда Ташкент     шаарындагы Ч.Айтматов атындагы көчөдө анын барельефи тургузулду.

         2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөрүлдү. III-ДКОнун ачылыш аземи биринчи жолу Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Татарстан Республикасынын Президенттеринин, Венгриянын                  Премьер-министринин жана башка чет өлкөлүк жогорку даражадагы коноктордун катышуусунда жогорку деңгээлде уюштурулду. Оюндар үч багытты камтыды: этноспорт, этномаданият жана илим.

        III-ДКОго 74 өлкөдөн келген 1900 катышуучулардан турган спорттук командалар жана маданий делегациялар, жогорку деңгээлдеги 40 делегация, 56 өлкөдөн 620дан ашуун ЖМК өкүлдөрү катышышты. III-Көчмөндөр Оюндарынын артынан Кыргыз Республикасы эл аралык аренада андан да таанымал болуп калды, аларды өткөрүү өлкөгө келген чет элдик туристтердин санынын өсүшү үчүн мультипликативдик натыйжа катары кызмат кылат.  

         3-6-октябрда Кыргыз Республикасында биринчи жолу, өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ болгон ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жыйыны өткөрүлдү. Жыйын Борбор Азиядагы ири эл аралык парламенттик иш-чара болду.

         23-26-октябрда Кыргыз Республикасы IV-Дүйнөлүк Тоо Форумун уюштурду. Анын негизги максаты тоолуу региондордун өркүндөгөн келечекке карай мүмкүн болгон өнүгүү жолдорун аныктоо болуп саналат. Форумду өткөрүү, мөңгүлөргө, суу ресурстарына чоң таасир берип жаткан жана өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келген, климаттын өзгөрүүсүнүн алкагында актуалдуу болуп эсептелет.

         15-16-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин камкордугунун астында, II-«Заманбап светтик мамлекеттеги ислам» Эл аралык конференциясы болуп өттү, ага 20 өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана теологдор катышышты.

20-декабрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын     73-сессиясынын 62-пленардык жыйынында, Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген, «Борбор Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу» деп аталган жаңыланган резолюциянын долбоору бир добуштан кабыл алынды, ага тең-демөөрчү катары 40 мамлекет кошулду.  

  1. Борбор Азия өлкөлөрү менен саясий диалогду бекемдөө жана көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүү.

Регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү оң динамика менен мүнөздөлөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулары салтка айланды, алардын жүрүшүндө азыркы учурдагы абал жана ички регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

1-2-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Тажикстан Республикасына расмий иш сапары болду, анын жыйынтыктары боюнча 9 эки тараптуу документтерге кол коюлду.

23-24-августта Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары болду, анын алкагында жаңы кыргыз-түркмөн мамилелеринин негизин түзгөн бир катар макулдашууларга, анын ичинде стратегиялык өнөктөштүк, достукту жана ишенимди бекемдөө жөнүндө кыргыз-түркмөн Декларациясына кол коюлду.  

15-мартта Астана шаарында болуп өткөн, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын көп жылдардан бери биринчи жолку жолугушуусу, регионалдык кызматташтык үчүн маанилүү дем катары болду, анын жүрүшүндө регионалдык күн тартибинин артыкчылыктуу маселелери каралды. Мамлекет башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында, кыргыз тарабынын демилгеси боюнча, 20-22-июлда Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин толук форматтуу жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө регионалдык өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндөгү өз ара мамилелерди андан ары бекемдөөнүн иш жүзүндөгү маселелери талкууланды.

29-мартта Фергана шаарында жана 18-декабрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын областтарынын башчыларынын I-жана II-жыйындары эки өлкөнүн         Премьер-министрлеринин жетекчилиги астында өткөрүлдү. Жыйындарды өткөрүү эки өлкөнүн чек арага жакын региондорунун ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүүгө эки тараптардын тең даярдыгын бекемдеди, бул кыргыз-өзбек мамилелерин андан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ.

  1. Россия Федерациясы менен союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк өнүгүүнүн оң динамикасына ээ болду жана өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берди. 14-майда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Сочи шаарына, ЕАЭБдин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине жумушчу иш сапарын жана Россиянын Президенти В.Путин менен эки тараптуу жолугушуусун өткөрүү 2018-жылдагы маанилүү окуя болду. Ошондой эле, эки мамлекеттердин башчыларынын сүйлөшүүлөрү 15-июнда жана 28-сентябрда өткөрүлдү, алардын жүрүшүндө кыргыз-россия кызматташтыгынын соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетикалык чөйрөлөрдөгү маселелери жана бир катар башка маселелер талкууланды.

Парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында,          27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Жумабековдун Россия Федерациясына расмий иш сапары болуп өттү.

Тараптардын тышкы саясий ведомстволорунун багыты боюнча дагы ургаалдуу диалог жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын жаңы дайындалган Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун биринчи жумушчу иш сапары       26-октябрда Россия Федерациясына болду. Ошондой эле, тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын деңгээлиндеги кыргыз-россия сүйлөшүүлөрү 6-декабрда Милан шаарында, ЕККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында болуп өттү.

Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, миграциялык чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп келет. КРнын Президенти С.Жээнбеков менен РФнын Президенти В.Путиндин ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык, россия тарабы РФнын миграциялык мыйзамдарын бузган КРнын жарандарына карата миграциялык мунапысты колдонду.

  1. Кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгуу.

         2018-жыл Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт.                   6-7-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун КЭРге мамлекеттик иш сапары болуп өттү, анын негизги жыйынтыгы катары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгуу болду. Иш сапардын жүрүшүндө эки мамлекеттердин башчылары тарабынан ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Биргелешкен декларациясына, ошондой эле энергетика, айыл чарбасы, транспорт, ата мекендик азыктарды Кытайга экспорттоо, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана башка жааттарда эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

  1. Европа Биримдиги менен саясий диалогду жана ар тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү

         Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун 11-12-апрелде Европа Биримдигинин институттарына иш сапары болуп, анын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги жеке байланыштар түзүлдү. ЕБ институттарынын лидерлери өлкөдө жүргүзүлгөн укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө, коррупция менен күрөшүүгө жана адам укугун коргоого багытталган реформаларды жогору баалады.

         23-ноябрда Брюссель шаарында ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду. 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков башында турган кыргыз делегациясы КР-ЕБ кызматташтыгы боюнча Кеңештин XVI-жыйынына катышты.  

         Өз ара мамилелердин бардык спектрин андан ары өнүктүрүүгө багытталган өнөктөштүктү жана кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө жаңы Макулдашууну түзүү боюнча ЕБ менен сүйлөшүүлөр жигердүү нукта жүргүзүлдү.

  1. Кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы импульс

         Кыргыз-түрк мамилелериндеги эң маанилүү окуялар, 9-10-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий сапары жана 9-июлда Түркия Республикасынын Президенти Р.Эрдогандын инаугурациясына катышуу үчүн мамлекет башчысынын жумушчу сапары болду.  

         1-2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Түркия Республикасынын Президенти Р.Эрдогандын Кыргыз Республикасына расмий сапары болду. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлду (6 макулдашуу) жана кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлдү. Ошондой эле 1-2 сентябрда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин IV-жыйыны болду.

  1. Кыргыз Республикасынын араб өлкөлөрү менен өз ара мамилелерин ургалдуу өнүктүрүү

Мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын араб өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөөсү өзгөчө мааниге ээ.

         24-26-апрелде Эль-Кувейт шаарында экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт Өкмөттөр аралык комиссиясынын I-жыйыны өткөрүлдү. 27-29-июлда кыргыз-палестина мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Палестина Мамлекетинин Тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликинин Кыргыз Республикасына расмий сапары болду. 17-19-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапары болуп өттү.

         2018-жылы ТИМдер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасы байкалууда. Кыргыз Республикасы менен Катардын, БАЭнин, Палестинанын тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда биринчи консультациялар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнүн жаңы артыкчылыктуу багытын аныктады.

  1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуусу

24-25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков мамлекет башчысы кызматына киришкенден кийин биринчи жолу Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышты. Мамлекет башчысы Башкы Ассамблеянын 73-сессиясынын жалпы дебаттарында чыгып сөз сүйлөдү. БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө демократиялык институттарды өнүктүрүү, шайлоо системаларын өркүндөтүү, экологиялык көйгөйлөр, ошондой эле уран калдыктарын сактоо көйгөйлөрү бөлүгүндө Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы андан аркы кызматташтык талкууланды.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасы үчүн аталган сапар эл аралык деңгээлдеги маанилүү саясий окуя болуп калды. Анын жүрүшүндө, эл аралык коомчулукка өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык жашоосунда болуп өткөн маанилүү өзгөрүүлөр, Кыргыз Республикасынын эл аралык күн тартибинин негизги маселелер боюнча тышкы саясатынын артыкчылыктары жана позициялары  тууралуу маалымат берилди.

  1. Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТТМКК) жана Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) төрагалык кылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков 10-июнда Циндао шаарында ШКУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Саммиттин маанилүү жыйынтыгы болуп, 2018-жылдын июнунан 2019-жылдын июнуна чейинки мезгилде Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына ШКУ МБКга төрагалыктын өтүшү болду. Биздин өлкө төрагалык кылган мезгилде,  ШКУнун алкагында эң маанилүү деп эсептелген саясий, экономикалык, транспорттук, айыл чарба жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерге көңүл бурулат.

3-сентябрь Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун төрагалыгы астында ТТМККнын VI-Саммити болуп өттү. Саммитте ТТМККга катышуучу-мамлекеттердин башчылары менен катар, биринчи жолу ардактуу конок катары Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиеев жана Венгриянын Премьер-министри В.Орбан катышты. Саммиттин жыйынтыгы боюнча 4 документке кол коюлду жана  кыргыз тарабынан демилгеленген «Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата» жана «спорттун улуттук түрлөрү жана жаштар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча» мамлекет башчыларынын 2 биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Саммитте төрагалык Кыргыз Республикасына өттү. Бул мезгилде экономикалык, инвестициялык жана бажы кызматташтыгын өнүктүрүүгө, транспорт, энергетика жана туризм жаатында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле түрк элдеринин жалпы бай тарыхый мурастарын, маданиятын жана спортун коргоого жана сактоого көңүл бурууга басым жасалат.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков 8-ноябрда Астана шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышты. Анда кийинки сесссия аралык мезгилдеги төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди. Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде күч-аракеттер ЖККУнун дараметтик мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүүгө жана көтөрүүгө, тышкы саясий өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүгө жана аскердик-экономикалык (техникалык) кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат.

  1. Консулдук кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү (автоматташтырылган маалыматтык система жана «Электрондук виза» долобоорун ишке ашыруу)

         КРнын чет өлкөлөрдөгү жарандарын документтештирүү боюнча арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартуу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында (паспортторду тариздөө, ЖАКА (ЗАГС) документтери, жеке идентификациялык номер ыйгаруу), Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелери «Паспорт» жана «ЖАКА» автоматташтырылган маалыматтык системаларына (АМС) кошулган. «Консулдук эсеп» жана «Жарандык» АМС киргизүү боюнча иштер улантылууда.

Тышкы миграциянын Бирдиктүү эсеп системасынын подкомпоненти «Электрондук виза» иштелип чыкты – бул система чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылбастан эле Интернет аркылуу Кыргыз Республикасынын визасын алууга мүмкүндүк түзөт. Виза алууга чет өлкөлүк жарандардын арызын кабыл алуу үчүн Е-виза сайты ишке киргизилди (evisa.e-gov.kg). Аталган кызматка консулдук жыйын төлөө, ошондой эле кредиттик/дебиттик банктык карталардын жардамы менен ишке ашырылат. «Электрондук виза» системасын ишке киргизүү чет өлкөлүк туристтердин жана бизнесмендердин Кыргыз Республикасына келүүсүн  жетишерлик жеңилдетти.  Электрондук система иштеп баштаган мезгилден тартып, ар кандай категориядагы 30 миң виза берилди.