2019–жылдын 15-19 апрелинде Сеул шаарында Нооруз майрамына арналган фестивальдын алкагында кыргыз маданиятынын жумалыгы өтүп жатат. Корея Фондунун галереясында Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлүк искусствосунун буюмдары, боз үй, кыргыз шырдагы, ошондой эле кийиз жана булгаарыдан жасалган күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу буюмдар жана Манас жөнүндө маалыматтар коюлган.

6930

Кыргыз жумалыгынын ачылышы 2019- жылдын 15-апрелинде «Айпери» бий тобунун катышуусунда болуп өттү. Галереяны көрүүгө келген коноктор кыргыз улуттук бий жана сулуу кыргыз кыздарынын улуттук кийимдерин көрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Кыргыз маданияты жумалыгында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчи Д. Кемелованын Кыргызстан жөнүндө презентациясы болуп, негизинен тарых, маданият, туризм жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди. Презентация аяктагандан кийин Элчилик катышуучулар үчүн кыргыз даамдары менен (боорсок, чак-чак, санза ж.б.) жана органикалык таза бал, малина, карагаттан жасалган кыям (варенье) чайын жана кургатылган мөмө-жемиштерди тартуулады.

2019 –жылдын 18- апрелинде Кыргыз диаспорасынын катышуусу менен Корея Республикасынын жараандары үчүн чай ичүү маданияты, кыргыз элинин үрп-адаттары жөнүндө таныштыруу күнү жана 19-апрельде «Манас» эпосуна арналган маданий иш-чара болуп өтөт.

Кыргыз маданиятына арналган жумалык 2019-жылдын 27-28 апрелинде Сеул шаарынын борбор аянтында «Нуска» фольклордук тобу жана кыргыз дизайнерлеринин катышуусунда боз үй, улуттук тамактардын тартуулоосунда аяктайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK